"Эртең беттеш". Валентина Шевченко турнирге бир күн калгандагы машыгуусун көрсөттү

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эртең, 25-апрелде өтө турган "UFC 261" турнирине даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялады.

"#UFC 261" деген хэштегди жазды сүрөттүн алдына Шевченко.

Бул турнирде Валентина Шевченконун атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде болот. Турнир АКШнын Флорида штатынын Жексонвилл шаарындагы "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасында өтөт жана бул беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ErkinOkenovich
2021-04-24 11:01:31
Валентина ийгилик жениш менен кайтыныз мекенге.
+3
portugalia
2021-04-24 11:04:40
Ийгилик каалайбыз!
+3
Shabi
2021-04-24 11:30:43
Суйом да ушул кызды,ийгилик
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан