Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоду.
Шевченко атаандашынын үстүнөн беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңишке жетти. Ал атаандашынын үстүнө чыгып, укмуштуудай жана өтө тез соккуларын узатканда калыс беттешти токтотту.
Жеңишинен кийин Валентина Шевченко кереметтүү Кыргыз өлкөсүнө салам айтып, кийинки атаандашы ким болсо дагы беттешүүгө даяр экенин айтты.
Муну менен Валентина Шевченко 7-ирет катары менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын 5-ирет коргоду.