Биз социалдык тармакта

Кемпир-Абад боюнча чогулгандар арасында чыккан чыр-чатак боюнча Ош ОИИБи маалымат таратты

Кечээ, 25-апрель күнү саат 12:00 чамаларында Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын борбордук стадионунда “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуусу болгон.

Жолугушуунун башталышына аз калганда, тактап айтканда, 11:45 чамасында стадиондо чыр-чатак чыгып мушташуу болду деген маалыматтар социалдык тармактарда кеңири тараган. Окуянын чоо-жайы териштирилгенин Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өзгөн РИИБи бул маалыматты маалыматтардын электрондук журналына каттап, окуяны териштирген. Анда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынын 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну менен Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын 1985-жылы туулган тургуну У.М. өз ара пикир-келишпектиктен уруша кетишкен. Ал жерде экөөнү Өзгөн РИИБинин милиция кызматкерлери ажыратып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бири-бирине арыз доосу жоктугуна байланыштуу коё берилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2021-04-26 09:53:09
Биз ушинтип жүрө берсек : урпактарга Өнүккөн Кыргыстанды эмес : Крыстанды тапшырабыз. Негизи биз фанат болууну токтотушубуз керек .Сен Адаханчы сен Садырчы дегенди. Адахандан онта Келсин онолбойт эл өзү онолмоңн.Кр ны башкарыш өтө кыйын болуп калды .Инвесторлор тукуруп калдыго .Кой барбайбыз дешип
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан