"Бир канатым сынды". Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча үн катты

Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча үн катты. Ал келинчеги менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды.

"Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту, Каныкейим неге бул ишке бардың экен?. 4 жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп олтуруп, 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым "апам качан келет" деп сурап жатат. Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй түндөсү "апа" деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат. Эмнеге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылдым, мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду, биз кыйналдык! Жүрөктө күйүтүм калды.

Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганда "жакшы болуп калдым" дедиң эле го. Эмнеге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары. Сени өмүр бою унутпайбыз, биз үчүн сен тирүүсүң. Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойтконго аракет кылам, апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм, бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп жакшы жат, менин түбөлүктүү сүйүүм!

Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл, журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип, билбей менин үй-бүлөмө туура эмес карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар Аллахтан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөндөр гана түшүнөт.

Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем. Эркектер, аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо, жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем!", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадыр Жарматовдун жубайы 23-апрелде каза болгону маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dembele84
2021-04-26 09:56:34
Ото окунучтуу
+9
aiba_00
2021-04-26 09:58:54
Кор оокат деп журуп озубузду карабайт экенбиз да ушинтип, кандай оор кундор соз жеткис. Жайы жанаттан болсун.
+6
Belek1710
2021-04-26 09:59:07
Өкүнүчтүү, бейишин берсин!
+6
Gulina90
2021-04-26 10:03:38
Аллахым сабыр берсин,башты бийик которуп балдарды жакшы караныз,аялыныздын жаткан жери жайлуу болсун.
+8
akmanai
2021-04-26 10:07:51
Билип билбей ар нерсе жазгандар аман эле болгула. Жок дегенде чындыкты окуп уялып калсанар экен. Жараткан куноосун кечирип,мээримине алсын!
+11
Shaa-82
2021-04-26 10:27:07
Эххх окунучтуу, ыйлататго создору. Байкуш ичинде кеттида баары(((. Балдарына эле кыйын болдуда эне мээрими баарынан да керек болчу.
+11
Agayu
2021-04-26 12:35:50
Кыргыздар биз ушул жэрден жанылышабыз. Эмнеге биз күчтүү күчтүү психологдорго эч барбайбыз кайрылбайбыз?
+3
JaneEr
2021-04-26 13:34:07
Agayu,эгер дуба болсо мин кучтуу психологдор да жардам бербейт.Коро албаган коп азыр.Баштан отту.
+3
Future11
2021-04-26 13:34:22
Agayu, Эгер жаман нерсе жабышып алса күчтүү психологдор, молдолор да алсыз болуп калат экен. Психолог го кайрылып, арты өкүнүчтүү бүткөндөр да бар. Болгону өзүбүздү таза кармап, жаман нерселерден алыс жүрсөк.
0
Mirnar
2021-04-26 12:47:42
Аллахым бейиштен орун берсин! Балдарын неге ойлободу экен. Отто оор жоготуу, которуп журбошко айла жок. Жакындарына сабыр.
+3
Bolotbek9191
2021-04-26 13:13:40
Жаткан жери жайлуу болсун озуну асып Каза болгон келинби. Ушуга жеткизсе керек да. Отуп кеткенден кийин окунбой
-14
JaneEr
2021-04-26 13:32:28
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллахым куноолорун кечирсин.Балдарына боорум ооруйт.
+3
Zumrudianka
2021-04-26 18:17:10
Асынып олгон да бир дарт шайтандын васвасасы экен да Аллах кечирген болсун. Бир келин да тамдын башына жип байлап асынайын десе баласы ыйлап калат экен эмизип келсе экинчисинде да бешикте ыйлайт экен эмизгени кирип кеткенде кайнатасы байкап калып келин аскан жипке эчкини асып жетишкен экен. Келин чуркап кайра чыкса эчки асылып турганын коруп ата деп ыйлап жерге жыгылып тушкон экен. Корсо кулагына бироо асынып ал бол тезирээк дей берчукен. Аллахым К. Жарматовко сабр берсин
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-26 20:39:38
Кудай жаман, кырсык балакеттерден сактасын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан