Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт Бөкөнбаев көчөсү менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаадан чыккан. Өрт саат 09:53тө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан толук өчүрүлдү.