Москвада 24-октябрь күнү Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында "Менин сөзүм - жан дүйнөм" аталышындагы даректүү тасма көрсөтүлөт. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган тасманын режиссёру Бекболот Айдаралиев жазуучунун жашоосундагы окуяларды, карындашы Роза Айтматованын эскерүүлөрүн камтып тарткан. Анда Нагима Айтматованын образын Айзада Сатанова жаратса, Төрөкул Айтматовдун ролунда Өмүргазы уулу Жыргалбек жана Чыңгыз Айтматовдун ролун Жакшылык Жайлообаев ачып берген. Жазуучунун 85 жылдыгына карата тартылган тасма Бишкектеги Кино үйүндө 30-августта көрсөтүлгөн.