Жоомарт Оторбаев Кореянын жетекчилери менен кызматташууну бекемдөө жолдорун талкуулады

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-октябрда Корея Республикасынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин Кореяга 2013-жылдын ноябрь айына пландаштырылган иш сапарын өлкөнүн президенти Пак Кын Хе жана премьер-министр Чон Хон Вон менен талкуулады. Стратегия жана каржы министринин милдеттерин да аткарган вице-премьер-министр Хен О Сок менен жолугууда бүгүнкү күндө Кыргызстанда кичи жана орто бизнес тармагында алектенген 250 кореялык ишкерлер иштеп жаткандыгын маалымдады. «Тилекке каршы,  Кыргызстанда ири кореялык компаниялар жок. Анткен менен Корея Казакстан жана Өзбекстандын экономикасына инвестицияны жигердүү чегерүүдө. Кореялык инвесторлор аймакты жакшы билип калышты жана Кыргызстанга бизде кызматташтыктын ийгиликтүү мисалдары бар экендигин эске алып, келишсе болмок», - деди Оторбаев. Хен О Сок кызматташууга даяр экендигин билдирип: «Биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир гана каржылык көрсөтүүгө эмес, эксперттерибиздин ар кайсы чөйрөлөрдөгү тарыхы жана ийгиликтери менен бөлүшүүгө даярбыз», - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан