Бүгүн, 26-апрелде президент Садыр Жапаров Бангкокто видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет.
Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышат.
Уюмдун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланат.