Президенттин маалымат катчысы: "Садыр Жапаров бүгүн уу коргошун тууралуу айтып берет" деген маалымат туура эмес"

Бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров уу коргошун менен дарылоо тууралуу айтып берерин билдирди.

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек министрдин эмнени айтып жатканын билбей турганын айтты. Бүгүн Садыр Жапаров уу коргошун тууралуу маалымат бербей турганын белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдиргенден бери бул чөптүн тегерегинде талкуу кызуу жүрүп жатат.

16-апрелдеги жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыккандарга уу коргошун берилип жатканын кабарлаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан