Жалал-Абадда Чернобыль апаатынын 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарында Чернобыль апааты эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, апааттын кесепетин жоюуга катышкандар, каза болгондордун жакындары жана мекеме-ишканалардын жамааттары катышты.
"Иш-чарада эстеликке гүлчамбар коюлуп, көзү өткөн катышуучуларга атап куран окулду. Мындан сырткары сахналаштырылган көрүнүш менен коштолду.
Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам жөнөп кеткен. Алардын баары мекенине кайтып келип, кийинчерээк көпчүлүгү башка аймактарга көчүп кетишкен. Учурда калаада 19 катышуучу жашайт. Аларга ай сайын жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон берилип, республикалык деңгээлде да колдоолор көрсөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан