Чоң бакчада же кичинекей короодо бак өстүрүп, түшүм алып элибиздин көпчүлүгү багбанчылык менен алектенери айкын. Убакыттын өтүшү менен жаңы технологиялар чыгып бир гана техника эмес, багбанчылык тармак да өз нугу менен өнүгүп келет.
Интенсивдүү багбанчылык туурасында уктуңуз беле? Бул тармак багбандарга алда канча көп түшүм алып келерин адистер белгилешкен. Бул туурасында SUPER.KG порталына интенсивдүү багбанчылык өндүрүшүнүн өндүрүш жетекчиси Алтынбек Эргешов айтып берди.
- Кыргыз өлкөсү агрардык мамлекеттердин катарына кирет. Себеби калкынын 65-70 пайызы элетте жашайт. Элет эли агрардык тармак менен күн кечирет десек болот. Бүгүнкү күндө биз экономикабыздын локомотивин агрардык тармакты коюшубуз керек. Ал эми бул тармак мал чарба жана дыйкан чарба болуп экиге бөлүнөт эмеспи. Дыйкан чарбада биз багбанчылык тармагын приоритеттүү кылып койсо деп талап кылып, ошол нерсени биз сунуштап келе жатабыз. Себеби Кыргыз өлкөсү тоолуу мамлекет болгону үчүн биздин экологиялык, жер, суу шартыбыз дагы багбанчылыктын талаптарына аябай дал келет. Кандай гана багбанчылык тармагы болбосун экологиялык таза өнүмдөрдү чыгарганы бизде мүмкүнчүлүк бар.
- Ошонун негизинде эле багбанчылыкты ала турган болсок, акыркы 25-30 жылда биздин багбанчылык өнүгүп-өсүп кеткен жок. Тескерисинче, сыртка экспорттоо, өзүбүздү-өзүбүз камсыздоо жагынан аябай чоң жетишпестикти туудуруп, андан сырткары сыртка чыгууда көп эл аралык талаптарга дал келбей бүгүнкү күндө өзүн-өзү араң камсыз кылып жаткан тармак болуп калды. Ошонун негизинде биз дагы ушул багбанчылык тармагын өзүбүз изилдеп, иликтеп чет мамлекеттерге чыгып, ал жактарда ушул тармактарды көрүп, интенсивдүү багбанчылыкты жер-жеринен көрүп, бир аз ошол жактан түшүнүк алып, ушул тармакты колго алып бүгүнкү күндө жасап баштадык.
- Интенсивдүү багбанчылыкта өндүрүш типтеги багбанчылыгы эски салттык технологиядан бир топ эле айырмаланат. Булар жапыз бойлуу жана орто жапыз бойлуу тамыр комбинациянын негизинде аралыктары жыш жайгашып, гектарына көптөгөн көчөт батып, анын негизинде товардын да рентабилдүүлүгү жогору болот. Интенсивдүү багбанчылыкта гектарынан 50 тоннадан 100 тоннага чейин түшүм алса болот. Бирок аны алыш үчүн жогорку технологияны жана инновациялык тармактардын негизинде жасаш керек. Бул технология дүйнө жүзүндө, мисалы, АКШда, Европа мамлекеттеринде аябай өнүккөн. Ал жактарда мындан кийинки да жаңы технологияларга өтүшүп, гектарынан 100 тоннадан 150-200 тоннага чейин түшүм алышат. Биз ошол жаңы технологиянын негизинде багбанчылыкты жасап, технологияларды өндүрүш керек деген максатта элге жайылтып ушул тармакты айтып келе жатабыз.
- Интенсивдүү багбанчылыктын өзгөчөлүгү бул мен жогоруда айткандай гектарына көп алмалар батат. Мисалы, биз бүгүнкү күндө тамыр комбинациясы "м9" деп коёт, жапыз тамыр комбинациянын негизинде жасалган, бирок алдыңкы технологиянын негизинде көчөттөрдү алып келип бул жакта италиялык технологияда отургуздук. Бүгүнкү күндө биз он гектар бактарды тигип отурабыз. Максатыбыз - 100 гектарга чейин чыгаруу. Италиялык технологиянын негизинде жасап жатканга байланыштуу италиялык технологдор, агрономдордун коштоосунда жасалат. Алар бизге ушул тармакты көрсөтүп, үйрөтүп жатышат. Көчөттөрдү дагы Европа мамлекеттеринен алып келүүдөбүз.
- Биз багбанчылыктын алма өндүрүүчү өндүрүштүк бакчаларды жасап жатабыз. Алманын сорттору да бул дүйнө жүзүнө таанымал, суроо-талабы чоң сорттогу алмалар. Ошонун негизинде биз дагы чет элдик мамлекеттердин базарларын иликтеп, ошонун негизинде ошол сортторду тигип жатабыз.
Биздин Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн алма биздин өлкө тоолуу, экологиялык таза, мөңгүдөн келген суу менен сугарылат дегендей ошол бардык факторлорду эске алганда экологиялык таза өндүрүш болуп эсептелинет. Ушул типтеги алманы өндүрүп алып, дүйнө жүзүнө ушул бренд менен чыгабыз деген максаттарбыз бар. Себеби биз башка мамлекеттерден микро-климаттык шарт жагынан бир топ эле өзгөчөлөнүп жогору турабыз.