ИИМдин ички аскерлеринин кызматкерлери күжүрмөн самбо боюнча байгелүү орундарга ээ болушту

Ушул жылдын 20-24-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы коогалаңдуу окуяларда курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер болуп өттү. Бул тууралуу Ички аскерлери кызматынан билдиришти.

Анын жыйынтыгы менен ИИМдин ички аскерлеринин курама командасы жалпы командалык байгелүү 2-орунду ээлешти.

Ал эми жеке таймаштарда спорттук самбо боюнча Элдияр Жаркынбай уулу, Дайырбек Карыяев, Урмат Мамбетжан уулу, Жамалбек Асылбек уулу жеңүүчү деп табылып, байгелүү 1-орунду ээлешсе, күжүрмөн самбо боюнча Лугма Тимур, Өмүрбек Аширбеков байгелүү орундарга татышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрүн ИИМдин ички аскерлеринин кол башчысы Кенжекулов ийгиликтери менен куттуктап, ар бирине атайын дипломдор менен Кубокторду салтанаттуу тапшырды. Куттуктоо сөзүндө кол башчы спортчуларга мындан ары да спортто улам жаңы бийиктиктерди багындырып, Ички аскерлердин намысына жарай беришине тилектештигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан