Бишкек шаарында тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 22-апрель күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 17:00 чамасында белгисиз жарандар Кулиев көчөсүнөн унаанын эшиги ачык тургандан пайдаланып, арыз ээсинин кызынын Редми Нот 6 про үлгүсүндөгү телефонун күч колдонуп тартып алып, качып кеткендерин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аталган жарандын дагы башка кылмышка тиешеси бар же жогу такталууда.