Бишкекте 19-октябрь күнү "Жашыл шаар" аттуу ишембилик болуп өттү. Ишембиликке БУУ агентствосу, студенттер, Бишкек шаардык кеңеши, каалоочулар жана башкалар катышышты. Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчага отургучтарды жана урналарды орнотушту. Иш-чараны БУУнун менен биргеликте Бишкек шаардык кеңеш БУУнун күнүнө карата уюштурушту.