Буга чейин бир аялдын "Эки балам түнү дайынсыз жоголду, аларды Тажикстандын жоокерлери алып кетиши мүмкүн" деген видеосу социалдык тармактарга тараган. Кийинчерээк ал балдардын биринин апасы Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарды Тажикстан тарапка алып кетишкени белгилүү болгонун билдирген.
Андан көп өтпөй, тажик тарап алып кетти делген баткендик жигиттер мекенине кайтарылганы маалымдалган.
Азыркы тапта жабыркаган балдар Кулунду аймактык ооруканасында дарыланып жатышат. Алардын абалы жакшы делгени менен денелери ооруксунуп, мурунку абалга келе албай кыйналып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы балдардын абалын сурап, балдардын биринин апасы Махабат Ашрапова менен байланышканда белгилүү болду.
Айтымында, балдардын ден соолугун медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жакшы карап, көңүл бөлүп жатканы менен алардын абалы мурункудай жакшы эмес.
"Балдардан бүгүн кабар алып, ооруканага барып келдим. Медицина кызматкерлери баламды жакшы карап жатканын көрүп, көңүлүм тынчып калды. Бирок алар өздөрү ден соолугу мурункудай эмес экенин, абалдары начар болуп жатканын айтып жатышат. Кудай буюруп, баары жакшы болот деп үмүт кылып турам", - деди Ашрапова