Садыр Жапаров: "Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеп жатат, болгону анын тили сайрабайт экен"

Ишти артка тартып, иштебей жаткан министрлер бар, ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эң жакшы иштеп жатат.

Мындай пикирин президент Садыр Жапаров АКИпресс агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берип жаткан учурда билдирди. Айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевдин тили сайрабайт, бирок иштин майын чыгара аткарат.

"Үч айдан бери иштери алдыга жылбай жаткан министрликтер да бар. Ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министрин Алымкадыр Бейшеналиев депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок ал чынында эле жакшы иштеп жатат. Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.

3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100 пайыз көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50 пайыз көтөрүп бердик.

Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду.

Жакында келип калат. Мобилдик клиника алып жатабыз. Бүт облустарды кыдырат. Абдан чоң клиника болот. Нарындан баштайлы деп жатабыз. Нарынга барып, облустун элин бекер дарылайт, бекер көрөт, хирургиялык операциялар акысыз жүрөт. Томографиясы да бар.

Ал жердеги медиктердин да эмгек акысы чечилди. Абдан жакшы эмгек акы алып иштешет. Эң негизгиси 5 жыл ичинде элибизди бекер дарылайбыз. Дарысы да, операциясы да, караганы да бекер болот. Араб туугандар жардам берип жатат", - деген Жапаров.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 15-октябрында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2021-04-27 11:29:44
Сагызгандай сайрап эле жатат го тынбай 24саат бою, профессор.
+8
Shabi
2021-04-27 11:51:18
Ооба жакшы иштеп жатат.Озу айтмакчы 24саат президен экоо эле иштеп жатат,уу кайнатып.
+11
modem4999
2021-04-27 12:03:08
Тили менен жыргатканды билбей жатат дениз
+6
bond02
2021-04-27 12:21:12
Тандем го булар.
+6
Missing-u
2021-04-27 13:16:13
Силерге кандай билбедимго бирок медицина тармагын чын оптимизация кылды. Билинбей ставка алып иштеп жургондор акчалар сол чонтоко кеткендердин баарын чыгартты. Тили сайрабайт экен бул да чын. А так тамыр мн даарылаганын колдобойм
0
Rashingo
2021-04-27 13:34:05
Соонун эле сайрайт.Жапаровдун жанынан унчукпай аткан го ээ
+5
Dembele84
2021-04-27 14:11:07
Только президент экообуз 24 саат иштеп жатабыз деп сайрап жатса ал министр.Анан жапаров аны жамандамак беле.
+5
bond0202
2021-04-27 19:46:34
Министирди мактайм деп озуно дагы бир минус кылып алды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан