Бишкек шаарынын мэриясы жол кире тарифин өзгөртүүнү коомдук талкууга койду. Анда жол кире көтөрүүнүн үч варианты камтылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт жана муниципалдык мүлк бөлүмүнүн башкы адиси Улан Бейшенбаевге байланышканыбызда маалым болду.
"Үч вариантты элдик талкууга коюп жатабыз. Биринчи вариант азыркы тариф, экинчи вариант жумушчу топтун иштеп чыккан баасы. Анда автобус, троллейбус - 11 сом, маршруттук такси - 15 сом. Бул элдин көйгөйүнө жараша каралып чыккан. Үчүнчү вариантта автобус - 15 сом, троллейбус - 11 сом, маршруттук такси - 19 сом. Бул кичи автобустардын айдоочуларынын талабы. Бишкек шаардык мэриясы экинчи вариантка токтолуп жатат. Экинчи варианттын токтомунун долбоорун шаардык кеңешке сунуштайт", - деди Бейшенбаев.