Бишкекте эркек киши терезенин тосмосуна кыпчылып калды. ИИМ себебин иликтейт

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Куткаруу кызматына Улан-2 кичи районунда жайгашкан үйдүн биринчи кабатындагы батирдин терезесиндеги торго эркек киши кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде куткаруучулар тарабынан жана дарыгерлердин көзөмөлүндө эркек киши атайын шаймандардын жардамы менен бошотулган. Аталган жаран медициналык жардамга муктаждыгы болгон жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

Окуянын чоо-жайы ИИМдин кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Luna7
2021-04-27 21:41:46
Эмне болуп кыпчылып калыптыр?
-1
Apyn8793
2021-04-27 23:40:59
Ууруга кирген да, бирок жолу болбой калыптыр )))
0
Belek1710
2021-04-28 00:32:36
Эшиги турса тешиктен чыккан кандай неме, чооң эле киши экен го.
0
Rifle_I
2021-04-28 01:27:26
Ключ табалбай айнектен эле чыгайын деген окшойт
0
OMURBEK.
2021-04-28 04:27:25
Куйосу келип калганго
0
bond02
2021-04-28 10:28:44
Продаётся дейби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан