Эсен Маджитовдун укугун коргоого чакырган жарандык активисттерди министр кабыл алды

Кечээ, 27-апрелде Тышкы иштер министрлигинде министр Руслан Казакбаевдин Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча Орусиянын аймагында кармалган Кыргыз жараны Эсен Маджитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидер жана активисттери менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүү пикир алмашуу болуп, Казакбаев чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин артыкчылыктуу милдети экендигин баса белгилеген. Бул тууралуу SUPER.KG порталы министрликтин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.

Анда Казакбаев өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары үчүн аракеттерди консолидациялоо гана өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин өзгөчө белгилеген.

Бул жааттан алганда Кыргыз өлкөсү демократиялык коомду курууда активдүү катышкан жарандык активисттердин негизги ролун белгилеген.

"Казакбаев Маджитовго эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык көрсөтүлүп жаткан консулдук-укуктук жардамдар тууралуу маалымат берди. Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилиги тарабынан Орусия Федерациясынын ТИМдин дарегине Кыргыз жаранына карата компетенттүү органдардын объективдүү, толук жана ар тараптуу каралышын өтүнгөн расмий кайрылуу жасалгандыгын белгиледи. Ошону менен бирге Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына Минск жана Кишинёв конвенцияларынын негизинде кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча өз ара аракеттерди ишке ашырууда КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары – Башкы прокуратуралары тарабынан экстрадициялоо маселесин кароонун тартибин кеңири түшүндүрүп берди. ​Маектин жүрүшүндө чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу маселелер талкууланды.

Руслан Казакбаев алардын укуктук статусун камсыздоо тармагындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча министрликтин пландары тууралуу айтып берди. Жолугушуунун айрым катышуучулары чектеш өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, ошондой эле чек арада өткөн окуялар тууралуу пикирлерин билдиришти. Өз кезегинде Руслан Казакбаев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуулар мындан ары да улантыларын, ал эми ар кандай талаш маселелер бул процесске тартылган тараптардын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылышы керектигин айтты", - деди маалымат катчы.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-апрелде "Кыргыз жараны Эсен Маджитовду Тажикстан экстрадициялап, өздөрүнө туткун кылып жатканда кыргыз бийлиги буга кайдыгер карабашы керек" деген жарандык активисттер Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан