
Энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча тегерек стол өтүп жатат. Анда аналитик, публицист
Мусурманкул Кабылбеков, энергетика тармагы боюнча эксперт
Жаныбек Оморов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген энергетиги
Калый Рахимов, мамлекеттик ишмер
Амангельды Муралиев жана башка энергетика боюнча эксперттер катышууда.
Алар жакынкы аралыкта электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнүн айласында ой-пикирлерин айтышууда.
"Тарифтик саясат өтө маанилүү нерсе. Эгер бул экономикалык өндүрүш боло турган болсо, анда бизге түшкөн кирешелерге кайсы бир жабдыктарды алууга, оңдоп-түзөө жумуштарына керектелмек. Бирок өз продукциясын арзан баада саткан бул бир гана мамлекеттик ишканалар болот. Жеке ишканалар мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт. Ал эми тариф боюнча 2001-жылы тариф өзгөргөн ошол бойдон дээрлик 20 жыл эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Бул арада жашоо баасы кымбаттады", - деди эксперттердин бири.
Коомчулукта тариф боюнча ар кандай пикирлер айтылып, талкуу жаратып жаткан кези. Бул жакшы көрүнүш, ушул жол аркылуу гана аталган көйгөйдү чогуу чечүүгө мүмкүн экендиги айтылды.
20-апрелде өлкө башчы
Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны
сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып сындашкан. 21-апрелде энергетика жана өнөр жай министри
Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айткан. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи. Электр энергиясына болгон тарифтерге өзгөрүү болжол менен август айына
пландалып жатат.