"Силерге маек бергенден кийин кеттим". Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапыкеев өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, арызды бүгүн, 28-апрелде жазган.

Жапыкеев эмнеге арыз жазганынын себебин айткан жок.

"Силерге маек бергенден кийин кеттим", - деди Жапыкеев.

Буга чейин SUPER.KG порталынын #ГалстукТар​ долбоорунда конокто болгон.

Анда Жапыкеев эмнеге коомчулукка көп чыкпай калганы боюнча жооп берген. "Эмне чыкпайсың дешет. Мага эмне маяна төлөп коюшту беле? Элдин астында карызмынбы? Менин да жашоом бар да. Садыр Жапаровду президент кылып шайлап коюшту, ошондон сурашсын. Улукбек Мариповдон сурасын. Марипов эмне кылып койду? Эмне иш кылды? Эч нерсе кылган жок. Биз деле Мариповду премьер-министр кылайын деп октябрда чыккан эмеспиз да. Мен кыйкырып, өкүрүп жүрө албайм да. Мен милдет алган эмесмин да", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira28
2021-04-28 12:00:12
Точнее жакшы кызмат бербеди.Ошого кетим жатам дейт.Бакылдап бакылдап чекеге чыгып калдым деп таарынычы куч экен жигиттин.Сендей акылдуунун копчулугу чет олкодо журот.Кетсен кете бересинда.Ким кармап калмак эле.Ишенген Садыр ишеним актабай жаткандан кийин 2 жолу кухняда кыйкырып суйлоп койгон сенден эмнени кутсо болот.Чондордун баары коргуло чет жакада мусаапыр болуп иштеген кандай экенин.
+7
Rifle_I
2021-04-28 12:14:21
Октябрь революциянын автору Жапыкеев. Жапыкеев мынчалык күйүп бышып чыкпаса эл козголбойт эле. Молодец.
Мындай балдарды иштетип пайдаланып калыш керек эле. Тилекке каршы бийликке керек эмес окшойт.
Барган жеринен ийгилик жаратып кетсин Кудай буйруса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан