Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери курал менен пранк тарткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Калашников автоматы менен ок чыгарган жарандын видеосу жарыяланган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Сухэ-Батор көчөсүндө Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери А. аттуу жигитке таандык "01KG TILEK" мамлекеттик номерлүү Инфинити автоунаасын көрүшкөн.
Унааны тинтүүгө алышканда анын ичинен Макаров үлгүсүндөгү тапанча 37 патрону менен алынган. Ал 1993-жылы туулган С.А. аттуу жаранга таандык болгон. Ал Бишкек ШИИББинен 3 жылга курал колдонууга уруксат алганы аныкталган.
Мындан тышкары С.А. аттуу жарандын жашаган жерине ыкчам изилдөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада уктоочу бөлмөсүнөн Калашников автоматы жана 120 даана патрону менен табылган. Алынган курал-жарак жана ок-дарылар үчүн керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында жаранга укуктук баа берилет.
Териштирүүдө С.А. аттуу жаран Калашников автоматы Орусиядан сатып алынгандыгын, өзү блогер экендигин, курал менен ар кандай пранктарды тартып социалдык тармактарга жарыялап келгенин түшүндүргөн.
Учурда териштирүү иштери башталып ал эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен камактан чыгарылган.