Өкмөт башчы банк тармагынын өкүлдөрү менен банк тутумун санариптештирүү маселесин талкуулады

Премьер-министр Улукбек Марипов банк тармагынын өкүлдөрү менен банк тутумун санариптештирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы ар кыл мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу максатында кабыл алынган чектөө чаралары дүйнөдөгү, анын катарында Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келгенин баса белгиледи.

"Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында банк тутумун санариптештирүү боюнча олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Банк тутумунун өкүлдөрү банк тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдар менен иш алып барууда негизги тоскоолдук катары бюрократиялык создуктурууларды, ошондой эле бирдиктүү өз ара аракеттешүүчү мамлекеттик органдын жоктугун белгилешти. Ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын ишине карата сын-пикирлерин билдиришти. Премьер-министр аталган маселе каралып жаткандыгын белгиледи.

Банк тутумун санариптештирүүнүн алкагында өлкөдө эмгек мамилелери тутумуна электрондук эмгек китепчелерин киргизүү боюнча сунуштар киргизилген. Бул кызматкерлер үчүн алардын эмгек жолу жөнүндө маалыматты алууну ыңгайлаштырып, жумуш берүүчүлөр үчүн кадрдык эсепке алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус пандемиясынын шартында өлкөдө банк жана төлөм тутумунун коопсуздугун жана туруктуулугун, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча чаралар, ар кыл категориядагы кызматкерлердин аралыктан эмгектенүүсүн ыкчам жөнгө салууну экспертизалоо жана талдоого алуу, ошондой эле банк секторунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан