– Компания өнүгүүнүн ар кандай баскычтарын басып өттү. Башталуу этабында эле биз ишенимдүү өсүүнү жана калыптанууну байкадык. Азыр компания андан бир топ жетилди, биз дымактуу жана татаал долбоорлорду коркпой ишке ашырып келе жатабыз. Ушул себептен компанияда иштөө ар дайым кызыктуу, - деп эскерет «Альфа Телеком» ЖАКсынын маалымат технологиялары боюнча директору Михаил Пшеничников 15 жылдык кызматы тууралуу.
– MegaCom менин экинчи үйүм болуп калды. Мен бул жерде өтө көп убактымды өткөрөм. Кээде жакындарым мени жумушумдан кызганып да кетишет, - дейт компаниянын биллинг бөлүмүнүн башчысы Кристина Рудометкина.
– Биз MegaCom - абоненттердин жашоосунун бир бөлүгү экенин билебиз, ошондой эле аларсыз MegaCom компания катары иштебей калат. Ошол себептен биз бир бүтүндүктө, бири-бирибизге пайдалуу болушубуз керек.
– Мен иштегени MegaCom’го келгенде анын офиси ЦУМда, «Илбирсте» жана «Аламүдүн-1» кичи районунда, 3 бөлөк жерде болчу, - деп эскерет «Альфа Телеком» ЖАКсынын сатуу тармагын колдоо боюнча адиси Аида Тыналиева.
– Эсимде, 15 жыл мурун бардык көрүнүктүү жерлерде «Сүйүнчү» деп чоң баннерлер илинип турганы баарын таң калтырган. Көптөр бул эмненики болду экен деп кызыгышкан. Андан кийин бул жаңы уюлдук байланыш операторунун жарнамасы экенин билгенбиз.
– Компания катары калыптануу этабында MegaCom’дун кызматкерлери өз убактысы менен эсептешпестен күнү-түнү иштешкен. Ушундай эмгектин арты менен компаниянын рынокко кирүүсү кыйла натыйжалуу болду, - деп белгилейт объектилерди коргоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Искендер Абдыашым уулу.
– Биздин компания катардагы адистерден тартып жетекчилерге чейин ар бир кызматкерин жогору баалайт. Компанияны кадрларды таптоочу «устакана» десек болот. Эмгек жолун 15 жыл мурун MegaCom’дон баштаган кызматкерлердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө чет өлкөлүк ири долбоорлордо иштешет жана албетте, биз муну менен сыймыктанабыз, - деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКсынын транспорт жана логистика бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Кыдыров.
15 жыл ичинде MegaCom өлкөнүн телекоммуникациялык рыногунда негизги лидер боло алды. Уюлдук оператор, анын жетекчилиги жана негизги кызматкерлери сапат жагынан жана башка чечүүчү көрсөткүчтөр боюнча да бир нече ирет жогорку сыйлыктарга татышканы бекеринен эмес.
Азат Базаркулов, «Альфа Телеком» ЖАКсынын Башкы директору:
- Бул жылдар аралыгында компания миллиондогон абоненттердин ишенимине арзып, ар бир кыргызстандык үчүн ишенимдүү санарип өнөктөш боло алды. Бүгүнкү күндө MegaCom – көрсөткөн кызматтарынын сапаты боюнча лидерлик сапта турган Кыргызстандын ийгиликтүү телеком-оператору болуп саналат. Компания жеке түйүндү өнүктүрүү, жабдууларды модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында була-оптикалык байланыш линияларын куруу жана каптоо аймагын кеңейтүү үчүн өзү каражат инвестициялайт.
15 жыл ичинде MegaCom'дун өткөргүчтүк касиети болжол менен 26 000ге өстү, интернет трафиктин керектөөсү 24 миң эсе өсүп, муну менен катар интернетке болгон нарк 5000 эсеге төмөндөдү.
MegaCom мамлекеттик кызматтардын, сервистердин жана фискализация процесстерин санариптештирүү демилгесин колдоп, инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгып колдонууга берип келет. Тиешелүү профилдик мекемелер менен биргеликте биз мамлекеттик кызматтарды
MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн колдонуу үчүн сервистерди ийгиликтүү ишке ашыра алдык.
Компаниянын юбилейине карата биз бир топ долбоорлорду даярдадык, анын эң негизгиси - өлкөнүн бардык бурчунан кичинекей бейтаптарды кабыл алуучу №3 шаардык балдар ооруканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү болуп саналат. MegaCom саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну колдоого өзгөчө маани берген мекеме катары, компаниянын 15 жылдыгынын салтанаттуу мааракесин өткөрүүгө сарпталчу каражатты балдарды дарылоочу мекеменин шарттарын жакшыртууга жумшоону чечти. Азыр улуттун жана келечек муундун саламаттыгы өзгөчө мааниге ээ болуп турган учур.
Урматтуу абоненттер, сиздерди MegaCom'дун 15 жылдыгы менен кызуу куттуктап, мамлекеттик байланыш операторун колдооңуздар үчүн, ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.