Кечээ, 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Музаффор Хусейнзода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи ушул жылдын март айынан бери элчиликтин дарегине Тажикстандын Лахш районунун аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган Кыргыз жарандарынан укук коргоо органдары тарабынан аймакта жүргөн Кыргыз жарандарынын паспорт режимин массалык текшерүү жөнүндө түшүп жаткан маалыматтар боюнча тынчсыздануусун билдирген.
"Элчи Кыргыз жарандарын күчөтүлгөн текшерүүлөрдүн фонунда, өткөн мезгилдин ичинде 207 жаран Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча консультация алуу үчүн элчиликке кайрылгандыгын маалымдаган", - деп жазылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы түзүлгөн достук мамилелер мындан ары өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана жакшы коңшулукту чыңдоонун негизи болуп кала берет деген ишеним билдирилди.