Бүгүн, 28-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык беттеши болуп өттү.
Анда Франциянын "ПСЖ" командасы өз үйүндө күчтүү делинген "Манчестер Сити" клубун кабыл алды. Оюндун 14-мүнөтүндө үй ээлеринин коргоочусу жана капитаны Маркиньос бурчтан чыгарылган топко биринчилерден болуп жетип гол жаратты. Биринчи бөлүктүн калган мүнөттөрүндө эки команда канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алышкан жок.
Оюндун экинчи бөлүгү арты-артынан чабуул менен баштады. Эки команда тең коргонууда дагы, чабуулда дагы бир топ активдүү болуп, 64-мүнөттө "Манчестер Ситинин" жарым когоочусу Кевин Де Брюйне эсеп санын теңеди. Арадан 7 мүнөт өтпөй англиялык клубдун чабуулчусу Рияд Марез гол жаратып, командасын алдыга алып чыкты. Калган мүнөттөрдө эки команда канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алышкан жок.
"ПСЖ" (Франция) - "Манчестер Сити" (Англия) (1:2);
Голдор: Маркиньос (14-м), Кевин Де Брюйне (64-м), Рияд Марез (71-м).
Бул эки команданын жооптук оюну 5-май күнү Манчестер шаарында өтөт.