Саламаттыкты сактоо министри: "Менин кызмат ордум боюнча парламенттин кабыл алган чечимине абдан сүйүндүм"

Кечээ, 28-апрелде 81 депутат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароо боюнча сунушту колдоду.

Бул боюнча SUPER.KG порталы министрге байланышканда парламенттин чыгарган чечимине сүйүнүп жатканын айтты.

"Менин кызмат ордум боюнча парламенттин кабыл алган чечимине абдан сүйүндүм. Кыргыз эли 10 жылдан бери кайсы Конституция менен жашап, кантип министрлерди фракциялар бөлүп кетип, өзүнүн тааныштарын коюп жүргөнүн кечээги парламенттин чечими далилдеди. Элдин көбү азыркы келип жаткан жаңы Конституцияны сындап жатканда, менин мисалымда бул эски Баш мыйзам кантип иштеп, кантип кыргыз элин баткакка батырганы кечээ билинди. Мен иш сапары менен эки жолу комитет жыйынына барбай койсом, орун басарларым барса аларды укпай коюшту. Менден кызмат сурагандар өздөрүн көрсөтүп жатышат. Бул кыргыз эли үчүн чоң сабак болду.

Кечээ мен президенттин тапшырмасы менен Нарын облусунда иш сапарда жүргөм. Президенттен суранып парламентке барайын десем жок деди. Мен кечээ барып алардын суроолоруна жооп берип койсом болмок. Эки жолу комитетке келбей койгон министрди кетиребиз дегени болбойт. Президент, эл мени жакшы иштеп жатат деп айтышууда.

Бул маселени өкмөт карайт. Эгерде кетиришсе менин жакшы көргөн жумушум бар. Хирургия. Мени күтүп жатышат. Мурда иштеген жумушумда иштей берем", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-04-29 10:44:29
Чимкириктер сүйлөй берет.Иштей бер чимкириктер да адамбы
+5
Kombi
2021-04-30 03:10:20
Фракция болуп алган да министирликтерди
Акчага сатат анан. Эл озу тандаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан