Баткендеги чырга байланыштуу жергиликтүү тургундар маселени чечип берүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. Алар абал курч болгондуктан бийлик өкүлдөрү келип, маселени чечип берүүсүн жана буга чейин айтылган сөздөргө жооп берүүсун талап кылышууда.
"Биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз, силер саат 17:00гө чейин Баткенге келиңиздер! Бул жерде бир камераны ала албаган бийлик эмне кылып отурат?", - деген кайрылуу жолдогон жарандар.