Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатканы кабарланды. Маалыматка ылайык, жыйын чек арадагы чыр боюнча өтүп жатат. Садыр Жапаров чыр боюнча али үн ката элек. Анын үн катпаганы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда.
Чек ара кызматынын, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана жергиликтүүлөрдүн маалыматына ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал азыр да курч бойдон турат. Чыр-чатакка байланыштуу бүгүн Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өттү.
Ал эми абалга тынчсызданган интернет колдонуучулары, маалымат каражат өкүлдөрү жана жарандык коом чек ара чырына байланыштуу пикирлери менен социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бөлүшүп жатышат.
SUPER.KG порталы алардын жазган пикирлерин окурмандарга сунуштайт.
Жарандык активист, Медер Абдыманапов:
- Баткенди жакшы билген, айрыкча Ак-Сай, Таш-Тумшук, Кулунду, Максат, Чечме, Чарбак, Көк-Таш айылдарында иштеген адам катары жүрөгүм ооруйт!
2019-жылы Ак-Сайда тажиктер менен чоң чыр чыкканда ошол жакта өз көзүм менен көргөм, Жеңиш Раззаков вице-премьер-министр барып ошол жердеги аскер бөлүгүнөн чыкпай, элди алдап качып кеткен. Бул жолу деле ошентип сооротуп коюшат!
Бала кыял, жөнөкөй, сабырдуу баткендиктерим, силерди өкмөт сооротуп, колуна короз кант карматып алдаган жаш баладай алдап жүрүп, ушул күнгө чейин эч нерсе чечилбей келет!
Жыл сайын бирөө жарым каза болот, түн ичинде тынчыңар бузулат, чек ара, жолуңар жабылып калат, уулдарыңарды алып кирип кетишет, үйлөрүңөр өрттөнөт, бирок сабырыңар чексиз!
Бир коррупционер саясатчыны камап койсо жердештери жолду жаап, Абхазиядан келген унааларын кармаса тополоң кылып чечип жүргөн кыйындардан силердин эмнеңер кем?
Баткендик туугандарым, силердин "дакансалардан" эмнеңер кем?
Баарыңар чыккыла, ооба чыккыла, Гулистандан, Аркадан, Кулундудан өткөн посттордун жолдорун жапкыла, чоңдордун бензовоздорун, контрабанда товарларын өткөрбөй жапкыла, силер жапканы толук укуктуусуңар, силер сабырдуулуктун туу чокусун көрсөттүңөр, силер мекенди, жерди, наристелерди коргоо максатында жапкан болосуңар! Сойку, чайкоочу, контрабандист губернаторлор силерди ушул кырдаалга алып келди!
Журналист, Сайрагүл Дуулатова:
Жогорку Кеңештин депутаттары! Баткен эли мандат берип силерди манчыркаткан. Ошол эл бүгүн сыздап, укугу тебеленип турат. Үн каткыла! Күзүндө добуш сурап кантип барасыңар!!?
Журналист, Жаңылай Баймуратова:
- Акыркы беш жылда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында мамилелер оор сыноого түштү. Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара чатагы катталып, каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Тараптар ар бир жаңжал сайын жолугушууларды өткөрүп, чек ара чатагын алдын алуу убадаларын бергени менен, чыр-чатак токтогон жок. Бул чырдан карапайым эл жабыркап келет. Бийликтин акыркы аракеттери, элди сооротуп коюп, ички саясаттан кызмат талашып бошобой жатышат. Чыңалуу жараткан чатактардын баары Баткен аймагындагы чек ара тилкесинде катталууда. Кыргыз өлкөсү эл аралык нормаларды бузуп жатат деп Тажикстанга нааразычылык нотасын жолдосо, тажик тарап "чагым кылды" деп Кыргыз тарапты айыптап, иши кылса чек ара маселеси барган сайын эң бир чырлуу оюнга айланды. Жергиликтүү тургандар азыркы тапта, бийликтен үмүтүн үзүп эле коюшканы чындык. Себеби биздин аттуу-баштуулар барса деле маселе кабыргасынан чечилбейт. Карап көрсөңүздөр чырды биринчи коңшу тарап баштайт. Алар ошондой жол менен, бир карыш жерге болсо да ээлик кылып жатышат. Негизи жер талашканда эки тарап тең чоң бир конфликтке барып анан бир жаңсыл болот окшойт.
Интернет колдонуучусу, Алмазбек Жээнбай уулу:
- Тажиктер талашып жаткан Головной суу бөлүштүрүүчү аймагы толугу менен Кыргызстанга тиешелүү! Бул объект 1970-жылы курулуп, 1973-жылы колдонууга берилген. Бул тууралуу Головнойдун курулушу боюнча архивдик маалыматта жазылган:
"Бул объект Ош облусунун аймагына Кыргыз ССРинин Айыл-чарба жана суу ресурстары министрлигинин буйрутмасы менен Баткен курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) “Ошводстрой” трести тарабынан курулган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 384,2 миң рублди түзгөн. Мындагы максат - суунун агымын “Кайырма” жана “Подводящий” каналдарына бөлүү болгон. “Подводящий” каналы Төрт-Күл суу сактагычына келип куят", - деп айтылат архивдик маалыматтарда!
Интернет колдонуучусу, Мирлан Дүйшөнбаев: