Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү токтотулат

Бишкекте суу түтүктөрүн оңдоо иштеринен улам 22-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрүнө жана темир жол линиялары аймагына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы  билдирет. Мындан сырткары  муздак суу берүү токтотулуучу аймактар төмөнкүлөр: Кызыл-Аскер аймагы, 110-квартал, Достук кичи району, “Полибетон” акционердик коому, П.Лулумба көчөсүндөгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, “Шоро” ЖАКсы, “Жашылча” ЖЧКсы, “ГЭС Вайринг Констракшн” ЖЧКсы, Улуттук гвардия, Ленин районундагы аскердик комиссариат, “Кыргызконьягы” ЖЧКсы, Ички иштер министрлигинин атайын мектеби,  Республикалык наркологиялык борбор, “Илбирс” АКынын №4 филиалы, ошондой эле №15, №49, №50, №54 орто мектептери, Назаралиевдин медициналык борбору, №1 мектеп-интернаты, “Алтын Тамыр” ЖАКсы, “Комбинат” ЖЧКсы, “Тамга-Таш ЛДТ” ЖЧКсы жана “Транс Союз Азия” ААКсынын имараттары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан