Барымтага алып кеткен факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Лейлек районунун Интернационал айылынын Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон Жилой дом участкасына жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.
Бул факты Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "тынчтыкка каршы кылмыштар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.