Эртең, 22-октябрда Бишкек шаарынын К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында СССРдин эл артисти, академик Асанхан Жумахматовдун 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чараны КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева жана Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев ачат. Ошондой эле конференция Кыргызстандын баатыры, эл жазуучусу Ж.Жакиев, философия илимдеринин доктору Ч. Какеев жана башкалардын катышуусунда өтөт.