Чүй облусунун Кемин районунда убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кетти. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Шектүүлөр бүгүн, 1-майда саат 18:00 чамасында качып кеткенин билдиришти.
"Учурда качып кеткен жарандарды издөөгө комплекстүү иштер жүргүзүлүп, "Сирена" планы жарыяланды. Стационардык пункттарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандарды көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, 43-88-85 (Чүй ОИИББи), 0(500) 42-92-72, 0(3135) 50-2-80, 0(312) 61-68-41.
Изделип жаткандар:
1) Камчыбеков Даниель Дамирбекович, 2000-жылы туулган, Ош облусунун тургуну. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашап жүргөн. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү спорттук костюм, спорттук бут кийим.
2) Миңбай Тынарбек уулу, 1995-жылы туулган, Талас облусунун тургуну. Аламүдүн районунда жашап жүргөн. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, боз түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим. Экөө тең 200-берене "уурулук" менен шектелип кармалган.