Чүй облусунун Кемин районунда убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кеткенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкан. Белгилүү болгондой, шектүүлөр бүгүн, 1-майда саат 18:00 чамасында качышкан.
Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, издөө иштеринин алкагында, качып кеткен шектүүлөрдүн бири колго түшүрүлдү.
"2000-жылы туулган Даниель Камчыбеков Орловка шаарындагы Подгорное айылында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Учурда качып кеткен экинчи шектүүнү табуу жана кармоо иштери улантылып жатат", - деп билдиришти мекемеден.