Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө 19-октябрда "Эгиз жүрөк-эки залкар" деген аталыштагы документалдуу тасманын ачылышы болуп өттү. Тасма Кыргыз Эл артисттери Сатыбалды Далбаев жана Мираида Далбаеванын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу тартылган. Сценарийдин автору Кайрат Иманалиев, режиссёру КРнын маданиятына
Эмгек сиңирген ишмер Ракыя Шаршенова, оператору Максат Калдаров. Фото жана видео материалдар Далбаевдердин үй-бүлөлүк архивинен алынган. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышты.