Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда Кызыл-Кыя, Караван, Кадамжай, Көк-Таш, Ак-Татыр аймактарында күнү-түнү дебей блок посттордо кызмат өтөшүүдө.
Андан тышкары калкты эвакуациялоо, жарандарды жана келип жаткан жардамдарды коштоо иштерин, ошону менен эле бирге жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.