Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алган 88 жаран ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандардан кабар алды. Ал Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын ар бири менен баарлашып, тез сакайып кетүүсүн каалоо менен алардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, куралдуу кагылышууда жалпы 178 жаран ар кандай жаракат алып, анын 34ү каза болду.
Учурда жалпы 88 жаран ооруканаларда дарыланып жатат, алардын 56сы Бишкек шаарында, 32си облустук жана аймактык ооруканаларда дарыланса, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна өлкөнүн бардык аймактарынан 70ке чукул дарыгерлер барган.