Учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргыз-Тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө. "Ок атуудан 13 адам жабыркап, 7 аскер, 6 жергиликтүү тургун жаракат алган. Алар Исфана шаарынын ооруканасында жатат. Эки адамдын абалы оор", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ок атуу кечээ, 16-сентябрда саат 21:30да токтотулду. Окуя тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганынан улам чыккан.