Баткенге гуманитардык жүк жөнөтүүгө жүздөн ашуун ыктыярчы жардам берип жатат (видео)

Кыргыз-Тажик чек арасында катталган окуяларда жабыркаган жарандарга тазалык, жеке гигиена каражаттары, биринчи муктаждыктагы азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда жүк ташуучу унаалар менен жеткирилүүдө. Штабда жүздөн ашуун ыктыярчылар тынымсыз жардам көрсөтүп жатышат.

Белгилей кетсек, "Баткенге жардам" республикалык штабы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан түзүлгөн. Штаб күнү-түнү жана аптасына жети күн иштейт. Жардам берүүнү каалагандар 1227 номерине чалып же Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 40, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосуна кайрылышса болот.

Баткен облусундагы ок атышуу орун алган аймактан Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 миң 388 адам көчүрүлгөн. Алардын арасында 19 миң 142 бала бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан