Бүгүн, 3-майда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана Баткен облусунда жабыр тарткандардын абалы боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди.
"Илимий-иликтөө жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында, август айларында 30,8 пайыз адамда антителолор бар болчу. Бүгүнкү күндө 1-апрелге карата иликтөөнүн экинчи этабын бүтүрдүк. Анда жалпысынан алганда 71,2 пайыз адамда коронавируска каршы антителолору бар экени аныкталды. Эң аз Бишкек шаарында, эң көбү Талас облусу - 77 пайыз, Ош шаарында - 76 пайыз", - деди Нурматов.