Кыргызстанда 24,8 миң адам кош бойлуулук, төрөт жана сөөктү жерге берүү жаатында жөлөк пул алат

Кыргызстанда жыл башынан бери 24,8 миң адам кош бойлуулук, төрөт жана сөөктү жерге берүү жаатында жөлөк пул алат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Жалпысынан бөлүнгөн каражаттын суммасы 183,5 миллион сомду түзгөн. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча 173,6 миллион сом 22 миң кишиге берилип, жөлөк пул орто эсеп менен 8,5 пайызга жогорулаган. Сөөктү жерге коюу үчүн 9,9 миллион сом 2,8 миң кишиге берилип, суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 26,5 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан