БШК референдумдун жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 3 миллион 606 миң 201 жаран референдумга добуш берүү үчүн тизмеге кирген. Анын 1 миллион 322 миң 124ү шайлоого катышкан. "Референдумга "макул" деп 1 миллион 48 миң 660 жаран добуш берген. Ал эми "каршы" деп 181 миң 370 адам добуш берген. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгы тууралуу токтомун президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялоо үчүн жөнөттү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Milduri
2021-05-03 22:01:08
Ээң жакшы, буйруса президенттик башкарууда өлкөбүз өнүгөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан