Башкы прокуратура: "Тажикстан жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарга ок чыгарышты"

Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин жогорудагыдай аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверендүүлүгүнө карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2021-жылдын 29-апрелинде саат 04:40 ченде Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аттуу жеринде Баткен районунун жергиликтүү тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон.

Андан кийин Тажикстандын аскерлери Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу максатында Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарды, чек араны коргогон аскер, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышкан.

Андан кийин Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргыз өлкөсүнүн калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан.

Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан куралдуу кол салуунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана жарандарынын арасынан октон жана жарылуучу заттардан көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышып, алардын ичинен каза болгондор да болду, ошондой эле кыргыз тараптын аскердик объектилери талкаланып зыянга учурады.

Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат.

2021-жылдын 29-апрелинде бул факты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Жазык кодексинин 380-беренеси "тынчтыкка каршы кылмыштар" менен катталды.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы УКМКга, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-04 09:53:17
Туура кылат,молодцы!Ондогула эми
+1
Yahoo
2021-05-06 19:53:47
Кыскасы биздин олко эч нерсеге даяр эмес экенда.Тажиктер минтти тигинти деп ООН сыяктуу ар кайсы дуйнолук мекемелерге жазалап бергиле деп суранып журобуз.Эмнеси болсо да аманчылык тынчтык болсун олкобуздо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан