Кыргызстанда 8 миңден ашуун бала оор турмушту баштан кечирүүдө
КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин 21-октябрда берген маалыматына таянсак, 9 ай ичинде 8 миңден ашуун бала оор турмушта жашоо кечирип жаткандыгы белгилүү болгон. Алардын ичинен 3 596 бала ата-энеси жок кароосуз калгандар болсо, 2 825 бала мыйзам бузуу фактысына туш болгондугу катталган. Мындан сырткары 2013-жылы иштеп жаткан балдардын саны 1 746 болсо, 79 бала үй-бүлөлүк (14ү жыныстык) зомбулукка кабылган. Ал эми 29 баланын жашаган жери жок болсо, 74 бала эч кимдин көзөмөлүсүз өз алдынча жашаган.