
Өлкөдө 3 миң 577 адам коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, акыркы суткада республика боюнча 3 миң 577 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 384 вакцинанын 2 дозасын алышты.
Республика боюнча жалпы 33 миң 548 адам (1 746 миңи II дозасы менен эмделди) коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.