Акыркы суткада республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен Бишкек шаарында 2 адам каза тапты. Алардын экөө тең COVID-19дан көз жумганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, көз жумгандар коронавируска каршы эмдөө алган эмес. Пандемия башталгандан бери республика боюнча жалпы 2 миң 781 адам каза болду.