Новиков: "Баткендин жабыркаган аймактарындагы чыгымдар аныкталып бүтүп калды"

Аймактарды тазалоо, электр энергиясын берүүнү калыбына келтирүү жана зыянга учураган айылдарды суу менен камсыз кылуу үчүн, зыянга учураган инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан жумушчу топ менен чукул жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана көмөк көрсөтүүгө алгачкы тапшырмалар берилген.

“Эки күндүн ичинде электр энергиясын берүү калыбына келтирилди, көмөк чордондору алмаштырылды, жаңы мамылар орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Муну менен кошо көпчүлүк аймактарда таза суу берүү калыбына келтирилди.

Өзүнчө аймактар боюнча жумуш уланууда. Жабыркаган аймактардагы келтирилген чыгымдарды баалоо иштери жыйынтыктоочу бөлүгүнө жетти. Тургундар өз үйлөрүнө тоскоолдуксуз кайтуусу үчүн мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жакынкы күндөрү бардык иштерди жыйынтыктоосу керек”, - деп билдирди Новиков.

Ал Баткен облусундагы абал Садыр Жапаровдун дайыма көзөмөлүндө турарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiymkan89
2021-05-04 19:33:13
Равшан Жээнбеков отурабы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан