ЖКнын тийиштүү комитети 2014-жылга республикалык бюджет боюнча долбоорду кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү комитети “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжолу” жөнүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, бюджеттин киреше бөлүгү 106,6 миллиард сом болсо, чыгаша бөлүгү 124,4 миллиард сомду түзүп, инфляциянын деңгээли 8 пайыз деп көрсөтүлгөн. "Бюджеттин киреше бөлүгүн эсептөөдө "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик ташуу борбору тууралуу макулдашууну денонсациялоо каралган",- дейт Лаврова. Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун талкуулагандан кийин, кемчиликтерди эске алып, иштеп чыгуу үчүн кайра артка жөнөттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан