Биз социалдык тармакта

Орусиялык журналист: "Кыргыз өлкөсүнө авторитардык режимди орнотуу үчүн согуш чыгарылды"

Орусиялык журналист, коомдук ишмер Максим Шевченко кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул согуштун максаты - кыргыз жериндеги эркин ойлонууну жок кылуу.

"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан - эки башка саясий системасы бар өлкөлөр. Тажикстан Эмомоли Рахмондун эркинен сырткары бир нерсе жасоого мүмкүн болбогон авторитардык өлкө. Ал жакта Рахмондун эркине ар бир чымчык баш иери түшүнүктүү. Кыргыз өлкөсү таптакыр башкача башкаруу системасына ээ болгон парламенттик өлкө. Ал өлкөдө президент элине жакпай калса аны ордосунан сүрүп чыгарып коюшат. Постоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз өлкөсү өзгөчө мамлекет. Ошондуктан менин оюмча ал жакка авторитардык режимди орнотуу үчүн Кыргыз өлкөсүн бул согушка атайын тартып жатышат. Бул согуштун максаты кыргыз жериндеги эркин ойлонууну жок кылуу.

Бул тажик эли менен кыргыз элинин ортосундагы согуш эмес, бул кайсы бир аймактын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн кандайдыр бир олигархтык, аскердик жана башка күчтөрдүн согушу. Кыргыз өлкөсүнүн үстүнөн азырынча көзөмөл жок. Авторитардык өлкөнүн үстүнөн көзөмөл кылуу оңой болот", - деди Шевченко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Milduri
2021-05-06 02:26:57
Кайдагы нерсени сүйлөбөй жоголгулачы нары, орустар өздөрү тажиктерди бизге тукуруп ататко.
+1
Munar7777
2021-05-06 02:54:49
Milduri,Бечара эмне жонундо соз болотканын тушунбой эле капа Болосунго
+22
Dembele84
2021-05-06 03:00:54
Munar7777,туура айттын ха ха ха
+6
Nur777
2021-05-06 02:54:17
Журналист туура баамдаптыр,биздеги эркиндикти жок кылуу жана биздин устубуздон устомдук кылуу бул мечта Большого Брата если что,ошону кагазга ороп айтыптыр...
+30
Alinur96kg
2021-05-06 03:42:21
Рахмондун бийлигине чымчык эле эмес,койнундагы биттери деле баш ийе тургандай болуп калды го.
+16
Agayu
2021-05-06 03:46:58
Акылдуу адамдардан болойлучу туугандар .Сколько людей , столько мышление дегендей ар кимдин акылын уга берсек : биздин акыл токтойт го.Южная Кореяны Сингапурду Кытайды бут диктатор онуктургон .Ар нерсенин плюс минусу бар .Келгиле акылды остуройлу озгортойлу. Политикага башты оорута берсек : психологиябыз олот го .Анан ооруйбуз жаш чагыбыз курук отот .Келгиле интернетте жакшы нерселер бар .Акылдуу болуштун жолдорун уйроткон .Аудио китептер бар .Психология философия цитаталар бар миллярдерлердин
+8
Gulina90
2021-05-06 07:48:49
Туура эле айткан көрө албастардын иши эле менимче.Рахмонали лөлү .
+4
NURSAPAR
2021-05-06 08:11:32
Ушул убакка чейин Россиянын дос экенине күмөн санабайт элем. Азыркы кылып жаткан кылгылыгы шектенүү жарата баштады.
+8
Alia82
2021-05-06 09:31:14
Россияга кылганына ишенгим келбейтат, Путин мынчалык пастыка барбайт менимче, ал 20жылдан бери кашыктап чогулткан абирин мынтип чомучтоп того турган адам эмес, анын ниети туура болгон учун Кудай колдоп канчалаган тирештерде, жарыштарда женуучу болуп келатат деп ойлойм. Ылайым эле анын тиешеси жок болсо экен ...
-2
Munar7777
2021-05-06 10:29:32
Alia82,82 жылкы болсон да жаш экенсин ишенип кой путинден откон ар@м адам жок
+2
Guliza85
2021-05-06 20:42:21
Орус менен дос болсон ай балтанды ала жур деп бекеринен айтылбаса керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан