"Англия финалы". "Челси" Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

Бүгүн, 6-майга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык беттеши болуп өттү.

Анда англиялык "Челси" командасы өз үйүндө Испаниянын "Реал Мадрид" клубун кабыл алды. Бул оюнда "Челси" клубу жеңиш гана керек деген ураан астында чыкканы даана байкалды. Үй ээлери арты-артынан кооптуу чабуулдарды уюштуруп, топту бир нече жолу дарбаза мамысына багыттады. Биринчи бөлүктүн 28-мүнөтүндө Тимо Вернер ачык дарбазага топту башы менен багыттап, эсеп санын ачты. Калган мүнөттөрдө оюн ылдамдык менен болсо дагы, эсеп саны ачылган жок.

Оюндун экинчи бөлүгү кайрадан эле үй ээлеринин кооптуу чабуулдары менен башталды. "Реал Мадрид" клубунун дарбазачысы Тибо Куртуа бир нече ирет жекеме-жекеде ийгиликтүү болду. Экинчи бөлүктүн бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда, тагыраагы 85-мүнөттө Мейсон Маунт 2-голду киргизип оюнга чекит койду. Муну менен жалпы эсеп 3:1 болуп, "Челси" клубу Чемпиондор Лигасынын финалына жолдомо алды.

Финалда "Челси" клубу дагы бир күчтүү делинген англиялык "Манчестер Сити" клубу менен кез келет. Финал 29-май күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң көрүүчү бата турган "Ататүрк Олимпиада" стадионунда өтөт.

"Челси" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания) (2:0);

Голдор: Тимо Вернер (28-м), Мейсон Маунт (85-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-06 09:59:09
Челси оюндун журушундо Реалдан мыкты экенин корсотту.
0
bayern-munchen
2021-05-06 10:39:39
Челси чемпион
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан